24.kg
17:20, 19 апреля 2018, 24.kg

Ысык-Көл тургундары митингге чыгышты

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жолколот айылынын тургундары митингге чыкты. Алар «Мамыр» ишканасына таандык жер тилкесин айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүүнү талап кылышууда.

Акцияга чыккандар эки боз үй тигип алышкан. Нааразы болгондор менен жолугушууга келген өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым өкүлү Узарбек Жылкыбаев жер 2014-жылы жеке ишкананын менчигине өтүп кеткенин айтты.

Чогулган эле ишкананын карамагындагы 108 гектар жерди өкмөт кайтарып алып, жаш үй-бүлөлөргө бөлүп берүү талабын коюшту.

Жылкыбаев бардыгы мыйзам чегинде болушу керек экенин айтып, алгач жердин документи менен таанышып, маселени чечип берүүнү убада кылды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18