24.kg
16:38, 19 апреля 2018, 24.kg

Ереванда өкмөт алдындагы акция катышуучулары кармалууда

Армения полициясы өкмөттүк имараттын кире беришин тосууга аракет кылган оппозиция тарапташтарын кармап жатат. Бүгүн анда өлкөнүн мурдагы президенти Серж Саргсяндын премьер-министр болушуна каршылыгын билдирген жарандар чогулган.

Ушул сааттарга карата 20дан ашык киши кармалганы кабарланууда.

Күн мурун нааразылык кыймылдын лидери, оппозициялык депутат Никол Пашинян демонстранттарды эртең менен өкмөт үйүнүн алдына чогулуп, министрлердин имаратка кирүүсүнө жол бербөөгө чакырган. Бүгүн анда премьер Саргсяндын төрагалыгы алдындагы министрлер кабинетинин алгачкы жыйыны белгиленген.

19-апрелде өлкө полициясы жарандарга «өзгөчө кайтаруудагы объектилердин» макамы тууралуу эскертип, аларга мыйзамсыз киргендерге карата «тиешелүү чаралар» көрүлө турганын билдирди.

Пашинян журналисттерге тынч демонстранттарга каршы курал колдонууга полициянын укугу жок экенин айтты.

Серж Саргсян 9-апрелде президенттиктен кетип, 17-апрелде премьер-министрликке шайланган. 2015-жылы Конституция өзгөртүлүп, премьердин бийлиги күчөтүлүп жатканда ал бул кызматка келбесин айткан болчу.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18