24.kg
14:45, 19 апреля 2018, 24.kg

ЖАМК: Текебаевге эч ким кысым көрсөткөн жок

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге эч ким кысым көрсөткөн жок. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтан билдирди.

Маалыматка ылайык, саясатчыны башка бир камерага которуу тууралуу сөз дагы болгон эмес.

«Текебаевди эч ким коркуткан жок. Ал № 47- абактан дарылануусун улантат», — деп маалымдашты мекемеден.

Эскерте кетсек, бүгүн парламенттин жалпы жыйынында «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Өмүрбек Текебаевге абакта кысым көрсөтүлүп жатканын айтып, тиешелүү органдарды чара көрүүгө чакырган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18