24.kg
12:25, 19 апреля 2018, 24.kg

Депутат: Исаков өзү баштаган долбоорлорду ишке ашыра алган жок

Сапар Исаков өзү баштаган долбоорлорду ишке ашыра алган жок». Мындай пикирин «24.kg» агенттигине «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Ал Кыргызстандын тарыхында парламент биринчи жолу өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөткөнүн баса белгиледи. Эгерде мамлекет башчы колдоп, тиешелүү буйрукка кол койсо өкмөт отставкага кете турганын айтты.

«Биз Сапар Исаковдун өкмөттүн башына келишине каршы болгонбуз. Биздин жоромолдор дал келди. Ал өзү убада кылган «Кырк кадам», «Коопсуз шаар» сыяктуу долбоорлорду ишке ашыра алган жок. «Коопсуз шаар» долбоорунун ишке киришкенине сегиз ай болду, андан бери үч кана камера орнотулду. Бул бир гана мисал», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18