24.kg
09:23, 19 апреля 2018, 24.kg

Казакстандын рыногуна айыл чарба продукцияларын экспорттоо активдешүүдө

Photo 68218

Казакстандын рыногуна айыл чарба продукцияларын экспорттоо активдешүүдө. Бул тууралуу 18-апрелде премьер-министр Сапар Исаков Казакстадын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Карим Кокрекбаев менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу темалары талкууланды.

Премьер-министр эки мамлекеттин эли коңшулаш бир тууган элдерден экендигин, буга байланыштуу өлкөнүн өкмөтү Казакстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жаткандыгын баса белгиледи.

Өкмөт башчы Карим Кокрекбаевдин Жамбыл облусунун акими катары чектеш кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымын белгиледи.

Аны менен катар өкмөт башчы өлкөлөр ортосунда маданий-гуманитардык, анын ичинде ар-кыл маданий-спорттук иш чаралар аркылуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Буга байланыштуу премьер-министр казак тарапты үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында өтчү Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жигердүү катышууга чакырды.

Казакстандын Элчиси Карим Кокрекбаев өлкөнүн бир катар министрликтери жана ведомство жетекчилери менен кызматташтыктын актуалдуу темалары талкууланганын маалымдады. Ал былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы соода жүгүртүүнүн өскөндүгүнө канааттангандыгын билдирди.

Ошондой эле Карим Кокрекбаев Сапар Исаковго Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаевдин үстүбүздөгү жылдын май айында Астанада өтүүчү экономикалык форумга катышууга чакыруусун берди.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын башка актуалдуу маселелерин да талкуулады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18