24.kg
16:53, 18 апреля 2018, 24.kg

Башкырстанда окуучу мектепке бычак менен кол салды

Башкырстандын Стерлитамак шаарындагы мектепте кол салуу болуп, төрт адам ооруканага жетирилди, алардын үчөө — балдар. Бул тууралуу ТАСС агенттигине республиканын саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Светлана Кускарбекова билдирди.

Анын айтымында, жабыркагандардын абалы орто оор, алган жаракаттары такталып жатат.

Буга чейин маалымат каражаттары окуучу бычак менен Стерлитамак шаарындагы № 1 мектепте кол салганын кабарлашкан. РИА Новости өз булактарына таянуу менен билдиргендей, 9-класстын окуучу информатика классын өрттөп салууга аракеттенген. Кол салуудан кийин өспүрүм өз жанын кыюуну көздөгөн.

Окуя болгон жерде өрт өчүрүү кызматы, полиция жана тергөөчүлөр иштеп жатат. Кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.

2018-жылдын январь айында Орусиядагы мектептерде удаа-удаа эки кол салуу болгон. Пермде өспүрүм 4-класстын окуучуларына кол салган, 15 киши жаракат алган. Улан-Удэде 9-класстын окуучусу бөлмөлөрдүн бирине өрттөнө турган суюктук чачып, жети кишини балта менен жарадар кылган.

21-мартта Курганск облусунун Шадринск шаарында 13 жаштагы окуучу кыз пневматикалык пистолет менен ок атып, жети киши жарат алган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18