24.kg
16:17, 18 апреля 2018, 24.kg

Бишкектин четинен мас айдоочу үч унааны койдуруп кетти

Бишкектин четинен Honda CR-V үлгүсүндөгү унааны башкарып келе жаткан мас айдоочу үч машинаны койдуруп кетти. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, жабыр тарткандар жана каза болгондор жок.

«Кырсык 17-апрель кечинде катталган. Айдоочу окуя катталган жерден изин жашырып кетүүгө аракет кылган. Бирок Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Медициналык иликтөө жүргүзгөндө айдоочунун спирт ичимдигин ичкени аныкталды. Ал келтирилген чыгымдарды калыбына келтирип берүүнү убада кылды», — деп маалымдашат Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18