24.kg
15:25, 18 апреля 2018, 24.kg

Улуттук энергохолдинг компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев кармалды

Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Айбек Калиев «Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо» долбоорун ишке ашырууда жемкордук боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде шектелүү катары кармалды.

Учурда Айбек Калиев УКМКнын убактылуу кармоочу жайында сурак берүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин премьер-министр Сапар Исаков Бишкек жылуулук-электр борборундагы авариянын келип чыгуусун иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынтыгы менен таанышкандан кийин Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын башчысы Айбек Калиевди жана «Электр станциялары» ишканасынын директору Узак Кыдырбаевди иштен кетирүү чечимин кабыл алган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18