Кытайды таарынтып албайлы. Өкмөт ЖЭБ боюнча талкууда этияттыкка чакырды
Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуа Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугушууда Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборун модернизациялоого карата талкууларга нараазычылыгын айтты. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков 17-апрелде Жогорку Кеңеште билдирди.
Өкмөт башчысы депутаттарды ЖЭБ боюнча негизсиз айыптоолордон карманууга чакырды.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын тышкы карызынын 41,3 пайызы, же 1 миллиард 700 миллион доллары Кытай насыялары. ЖЭБди модернизациялоого Кытайдан 380 миллион доллар алынган.
Буга чейин эле жарандык активисттер Кыргызстандын Кытайга көз карандылыгы өсүп бара жаткандыгын жана бул өлкө үчүн кооптуу абал жаратарын айтышкан. Эл аралык басылмалардын пикиринде, «Бир жол — бир кур» долбоорунун алкагында Кытай Борбордук Азия мамлекеттерин карызга батыруу аракетин көрүүдө.
Парламенттин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында депутат Акылбек Жапаров Кытай менен түзүлгөн келишимдерде Кыргызстандын кызыкчылыгы сакталбагандыгын айтты.
Коңшу өлкөлөрдөн Тажикстан Кытайга карызынан алтын кендерин берип кутулууда.