24.kg
14:06, 18 апреля 2018, 24.kg

Депутат: Ош базарында чыккан өрттүн баары теӊ атайлап жасалган болушу мүмкүн

«Ош базарында чыккан өрттүн баары теӊ атайлап жасалган болушу мүмкүн». Мындай пикирин бүгүн парламенттин жалпы жыйынында депутат Махабат Мавлянова билдирди.

Депутат Өзгөчө кырдаалдар министрин өрттөн жабыр тарткан жарандар менен жакшылап сүйлөшүп көрүүгө чакырып, ошондо кыйла кызыктуу фактылар ачыкка чыгарын кошумчалады.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Ош базарында катталган акыркы өрт жөнүндө 50 мүнөттөн кийин билдирүү түшкөнүн баса белгиледи.

«Ички иштер министрлигинин маалыматында айтылгандай, атайлап өрттөө — тергөө жүрүшүндөгү бир жоромол. Ош базарындагы өрт түнкү саат үчтө башталса, ал жөнүндө билдирүү 3:50дө түшкөн. Ошончо убакыт өрттүн күчөшүн күтүп тургандай туюм калтырат. Өрт үч тараптан бир маалда башталганы ушундай ойго түртүүдө. Эми анын чындыгын тергөө амалдарынын жыйынтыгы көрсөтөт», — деди министр.

Эскерте кетсек, 13-апрелде таңкы саат 03:00 чамасында Ош базарынан өрт кырсыгы катталган. Жыл башынан бери аталган жай үчүнчү жолу өрттөнүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18