24.kg
12:13, 18 апреля 2018, 24.kg

«Акылдуу шаардын» акылы толук кире элек. Видео камералардын 4 функциясы гана бар

«Акылдуу шаар» долбоорунун алкагында орнотулган камераларда төрт функциясы гана бар. Бул тууралуу өкмөт башчысы Сапар Исаков 17-апрелде Жогорку Кеңеште билдирди.

Анын айтымында, «Акылдуу шаар» үчүн коюлган видео камералардын функциялары 15ке чейин жетет.

«Азыркы камераларды жаңы функциялар менен толуктайбыз. Программалык камсыздоону өзүбүздүн эле жигиттер иштеп чыгышты. Алар аны жаңылап турушат» — деди өкмөт башчы.

Сапар Исаковдун айтымында, «Хуавей» компаниясы менен баа жагынан келишпестиктерден улам келишим үзүлдү.

Азыр Бишкектин үч кесилишинде камералар орнотулду: Фрунзе — Ибраимов, Байтик Баатыр — Ахунбаев, Байтик Баатыр — Токомбаев.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18