24.kg
11:33, 18 апреля 2018, 24.kg

Иракта кыргызстандык аялды өлүм жазасына буйруду

Иракта кыргызстандык аялды өлүм жазасына буйруду. Бул тууралуу ВВСнин орус кызматы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Иракта жети чет элдик аял көптөгөн мамлекеттерде тыюу салынган «Ислам мамлекети» экстремисттик топтун ишмердигин жайылтканы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылып жана өлүм жазасына кесилген.

Алардын арасынан Орусиянын эки жараны жана бир Француз жараны өмүр бою эркинен ажыратылса, үч Азербайжан жаранын жана бир Кыргызстан жаранын өлүм жазасына тартуу өкүмү чыгарылган.

«Учурда аталган маселе такталып жатат», — деп билдиришти ТИМден.

Буга чейин Орусиянын маалымдоо каражаттарында Багдаттын түрмөсүндө кыргызстандык үч аял он баласы менен кармалып жатканы маалымдалган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аларга эч ким жардам сурап кайрылбаганын айтып, кийин нота жиберген. Ал аялдар күйөөлөрү менен бирге "Ислам мамлекетинин" катарына кошулуп, балдары менен Ирактын түрмөсүнө түшүп калышкан. 

Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги аталган маселе боюнча Ирак элчилигинин консулу менен жолугушуу өткөргөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18