24.kg
14:06, 17 апреля 2018, 24.kg

Тогуз-Торолуктар Ак үйдүн алдына митингге чыгышты

Тогуз-Торонун тургундары Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Алар алтын иштетүүчү фабриканы жабууну жана «Джи Эл Макмал Девелопинг» ишканасын өрттөөгө шектүү деп кармалгандардын боштондугун талап кылышууда. Район тургундарынын бири Рахатбек Садралиевдин айтымында, аталган компания өз ишмердигин баштагандар тартып тургундардын ден-соолугуна байланыштуу маселелер жарала баштаган.

"Боор оорусу, сарык, кан басымдын жогорулашы жалаң экологиянын бузулуусунан улам келип чыгып жатат. Буга чейин андай көйгөйлөргө кабылган эмеспиз. Ошол себептен улам митингге чыктык. Бир нече жолу тиешелүү мекемелерге кат жолдодук. Бирок бизди эч ким тыңшап койгон жок«,- деди ал.

Эскерте кетсек, 11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда «Жи Эл Макмал девелопинг» компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар нааразылык акциясына чыгышкан. Ички иштер министрлиги акция учурунда ишканага таандык, жаңы курулуп жаткан имарат өрттөлгөнүн кабарлаган. Чогулгандар тартип сакчыларына да таш ыргытып, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, эки милиция кызматкери жабыркаганы маалымдалган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18