24.kg
16:23, 16 апреля 2018, 24.kg

Өкмөт башчысы Ош базарын ордунда калтырууну убадалады

Премьер-министр Сапар Исаков Ош базарын ордунда калтырууну убадалады. Бул тууралуу ал бүгүн базардагы өрттө зыян тарткан ишкерлер менен жолугушууда билдирди.

Алардын айтымында, өкмөт башчы бир ай ичинде «Береке» базарындагы күйүп кеткен соода орундарын кайра калыбына келтирүүнү буйруду.

Эскерте кетсек, 13-апрелде таңкы саат 04:00 чамасында Ош базарынан өрт кырсыгы катталган. Жыл башынан бери аталган жай үчүнчү жолу өрттөнүүдө.

Өрттөн кийин Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов базар башка жерге көчүлүрөн айткан.

Базар атайын өрттөлгөнү айтылып, укук коргоо органдары териштирүү жүргүзүүдө. Жалпысынан 5 миң 412 чарчы метр аянт күйүп кетти.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18