24.kg
15:53, 16 апреля 2018, 24.kg

Нарында айдоочу унаасы менен жөө кишини койдуруп кетти

Нарында айдоочу жөө кишини койдуруп кетип, жаран кырсык катталган жерден жан берди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 15-апрелде саат 19:57 чамасында Кочкор-Кум-Дөбө ички чарбалык унаа жолунун 15-чакырымында катталган. «Ауди-100 С4» үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу жолдо бара жаткан жөө жүргүнчүнү сүзүп, андан кийин бакка барып урунган.

Жол кырсыктын кесепетинен 1974-жылы туулган жөө жүргүнчү жеринде каза болгон. Ал эми айдоочу медициналык тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. Куткаруучулар каза болгон жөө жүргүнчүнүн жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18