24.kg
13:19, 16 апреля 2018, 24.kg

Түркмөнстанда автобус кырсыгынан кеминде 17 киши каза болду

Түркмөнстанда 14-апрелдеги автобус кырсыгынан кеминде 17 киши каза болду. Бул тууралуу түркмөнстандын полициясы билдирди. Азырынча жараат алгандардын так саны белгисиз.

Маалыматка караганда, окуя Ашхабаддан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Чулинск капчыгайында болуп, автобус жол жээгине оодарылып кеткен.

Жол полициясынын кызматкерлери кырсыкка автобустагы ашыкча салмак жана аба ырайы себеп болгонун билдиришүүдө. Ал күнү аймакта жаан жааган.

Чулинс капчыгайында негизинен мамлекеттик мекемелерге таандык ден соолукту чыңдоо борборлору жана балдар лагерлери жайгашкан. Жылдын бул мезгилинде ал жакка түрдүү мекемелердин кызматкерлери, ошондой эле аз сандагы альпинисттик жана туристтик топтор барышат.

Бийлик менен расмий ММКлар адаттагыдай эле жол кырсыгы жана адам өлүмү тууралуу бул маалыматтарды беришкен жок.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18