24.kg
09:29, 16 апреля 2018, 24.kg

Айдоочу үч баланы койдуруп, кырсык катталган жерден качып кеткен

12-апрелде, саат 16:50 чамасында Беловодск айылынан айдоочу төрт, алты жана жети жаштагы үч баланы койдуруп, кырсык катталган жерден качып кеткен. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, балдар ар кандай жарат алып, аймактык оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында кылмышка шектүү катары 64 жаштагы К. Б. аттуу жаран кармалып, кылмышты толук мойнуна алган.

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 281-беренесинин (Транспорт каражаттарын пайдалануу жана коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18