24.kg
09:13, 16 апреля 2018, 24.kg

АКШ Асадды колдогондугу үчүн Орусияга жаңы санкцияларды киргизет


16-апрелде АКШнын Каржы министрлиги Кошмо Штаттардын Орусияга каршы жаңы санкциялары тууралуу жарыялайт. Бул тууралуу АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли CBS News телеканалына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жаңы санкциялар Сириянын президенти Башар Асадга жабдууларды жеткирүүгө жана химиялык курал колдонууга байланышы бар бардык компанияларга тиешелүү болот. Хейли АКШ Орусияга «белги бергенин» жана Москва ага макул болот деп үмүттөнүп жатканын кошумчалады.

«Коммерсант» гезитинин 15-апрелдеги билдиргенине караганда, АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Хантсман орус ТИМине кат жолдоп, анда Башар Асадды колдогондугу үчүн Москвага каршы жаңы санкциялар даярдалып жатканы жазылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18