24.kg
17:14, 13 апреля 2018, 24.kg

Премьер пайдаланууга берилип жаткан мектептердин сапатын текшерүүнү тапшырды

Бүгүн, премьер-министри Сапар Исаковдун катышуусунда бир катар мамлекеттик орган жетекчилери менен кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматын билдирди.

Жолугушууда өлкөдөгү пайдаланууга берилип жаткан билим берүү мекемелеринин сапатына байланыштуу маселе талкууланды.

Өкмөт башчы белгилегендей, жалданма-компаниялары тандоодо ишенимдүү жана финансылык жактан туруктуу курулуш компанияларына көңүл буруу зарыл.

«Объектилердин курулушу толук көлөмдө аткарылып, негизгиси — курулган мектептерин сапатына басым жасоо зарыл. Мында заманбап технологиялардын жана сапаттуу материалдардын пайдаланылышына көңүл буруу керек. Бардык курулган мектептерди текшерип чыгып, табылган кемчиликтерди ыкчам тартипте жоюу зарыл», — деди Сапар Исаков.

Ошондой эле өкмөт башчы социалдык объектилер имаратын камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев маалымдагандай, 2016-2017-жылдары курулган 100 мектептин 13үндө жасалгалоо иштериндеги кемчиликтер аныкталган, алар кийинчерээк жоюлган.

«2016-жылдын соңунда 150, 275, 375, 500 окуучуга эсептелген мектептердин типтүү долбоорлору иштелип чыккан. Быйылкы жылы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жана ооруканалардын типтүү долбоорлорун иштеп чыгууга тендер жарыяланган», — деди Абдиев.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18