24.kg
11:55, 13 апреля 2018, 24.kg

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан бир киши каза болуп, эки киши жабыркады

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында катталган жол кырсыгынан бир киши каза болуп, эки киши жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 13-апрелде саат 03:24 чамасында катталган. "Ауди100"үлгүсүндөгү унаа Токтогул көчөсүндө жайгашкан тосмону бузуп өтүп, бакты сүзгөн.

Жол кырсыгынан айдоочу 1991-жылы туулган, И.К., жүргүнчү 1996-жылы туулган Д.Б. жаракат алышкан жана бир кыз каза болгон. Каза болгон жарандын өздүгү тактала элек.

Куткаруучулар маркумдун сөөгү ИИМ кызматкерлерине тапшырып, жаракат алган кишилерди Ысык-Көл облустук ооруканасына өткөрүп берген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18