24.kg
11:10, 13 апреля 2018, 24.kg

Ош базарындагы өрткө байланыштуу кылмыш иши козголду

Ош базарындагы өрткө байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда тилсиз жоо катталган жерде ыкчам-иликтөө тобу иштеп жатат. Кылмыш иши «мүлктү атайлап жок кылуу жана зыянга учуратуу», ошондой эле «Өрт коопсуздук эрежелерин бузуу» беренелеринин негизинде козголгон.

Эскерте кетсек, бүгүн Ош базарында жыл башынан бери үчүнчү өрт кырсыгы катталды. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, өрттөлгөн жердин аянты 2,5 миң чарчы метрди түзөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18