24.kg
10:08, 13 апреля 2018, 24.kg

Кытай элчилиги кыргыз бийлигинен инвесторлорду коргоого алууну суранды

Кыргыз-кытай биргелешкен «Джи Эл макмал Девелопинг» алтын компаниясында катталган абалга байланыштуу Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги инвесторлорду коргоого алуу өтүнүчү менен Тышкы иштер министрлигине кайрылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине компаниядан кабарлашты.

Элчилик иликтөө иштерине байкоо салаарын айтып, аны калыс өткөрүп, инвесторлордун укугун коргоону суранууда.

Белгилей келсек, Тогуз-Тороодо алдын өндүрүү үчүн курулуп жаткан кытайлык ишкананы талкалап, өрттөп жиберүү боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш иши «Бейбаштык», «Башка бирөөнүн мүлкүн атайлап өрттөп жок кылуу», «Массалык баш аламандык уюштуруу» беренелеринин негизинде козголгон.

Учурда аймакта абал турукташып, жалпы чыгымдын баасы чыгарылууда. Компания чыгымдарды калыбына келтирүүнү өкмөттөн жана жергиликтүү элден талап кылаарын айтты. Ишкерлер наркы 5 миллион доллар турган кымбат баадагы жабдык өрттөнүп кеткенин билдиришти.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18