24.kg
09:09, 13 апреля 2018, 24.kg

Ош шаары Ярославль шаары менен достошмой болду

Ош шаары менен Ярославль шаарынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду. Бул тууралуу каала мэриясы билдирет.

Шаарлар 2018-жылы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттагы иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев инвестиция тартуу, туризм багытын өнүктүрүү, билим берүү, маданият жана башка багыттарда тажырыйба алмашуу менен бир топ жакшы ийгиликтер боло тургандыгын билдирип, Ош шаарынын мэриясы Ярославль шаары тарабынан өткөрүлө турган иш-чараларды ар дайым колдоого даяр экендигин билдирди.

Белгилей кетсек, Ош шаары 16 шаар менен достук келишиминде. Алардын ичинен Россиянын Санкт-Петербург жана Новосибирск шаарлары менен кызматташып келген. Мындан ары достук келишимине кол коюлган Ярославль шаары менен да кызматташат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18