24.kg
08:58, 13 апреля 2018, 24.kg

Ош базарында кайрадан өрт чыкты

Бишкектеги Ош базарынан кайрадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, өрт «Берекет гранд» соода борборунун жанындагы жуунуучу каражаттарды саткан катардан чыккан.

Тилсиз жоо тууралуу маалымат таңкы саат 04:00дө катталган. Аны өчүрүү үчүн 10 өрт өчүрүү бригадасы жөнөп кеткен. Таңкы саат 7.40 чамасында өрт чектөөгө алынып, учурда 20 өрт өчүрүү бригадасы иш алып барууда. Жабыр тарткандар жана каза болгондор жок.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери аталган базар үчүнчү жолу өрттөнүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18