24.kg
12:40, 12 апреля 2018, 24.kg

Депутат: Тогуз-Тороодогу окуядан улам өлкөнүн эл аралык аброюна доо кетти

«Тогуз-Тородогу чуулгандуу окуядан улам Кыргызстандын эл аралык аброюна доо кетти, экономикалык жактан чоӊ зыянга учурадык». Мындай пикирин парламенттин жалпы жыйынында Айтмамат Назаров билдирди.

Анын айтымында, райондун акимин кызматтан алып коюу менен чечилип калбайт. Ага катышы бар кызмат адамдарынын жоопкерчилигин карап, тийиштүү чараларды көрүшүбүз керек.

«Бул маселе кечээ эле чыгып калган жок, көптөн бери көтөрүлүп келет. Бирок ага жакшылап көӊүл бурулган эмес. Кечээ «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын алтын-ылгоо заводу мыйзамсыз курулуп жатат деген маалымат таркатышты. Анда эмне үчүн «Кыргызалтын» ишканасынын жетекчилери өздөрүнө тиешелүү «Макмал» комбинатынын аймагында курулуп жаткан мыйзамсыз курулушту токтото алышкан эмес? Бул маселени тармактык комитетте карап, бир чечимге келишибиз керек», — деди депутат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18