24.kg
12:34, 12 апреля 2018, 24.kg

Аялдамада жөө кишини койдуруп кеткен айдоочу камакка алынды

Аялдамада турган аялды койдуруп кеткен айдоочу камакка алынды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине шаардык Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, сот тергөө иштери аяктаганча жаранды № 1-убактылуу кармоочу жайга камакка алуу чечимин чыгарган.

«Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Жарага карата Кылмыш жана жаза кодексинин «Жол коопсуздугун одоно бузуу менен адам өлүмүнө себепкер болуу же анын саламаттыгына оор залал келтирүүгө » беренеси боюнча кылмыш иши козголду», — дейт мекеме кызматкерлери.

Эскерте кетсек, 9-апрелде Бишкекте Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унааны башкарып келе жаткан айдоочу аялдамада турган аялды койдуруп кетип, анын кесепетинен аял окуя катталган жерден жан берген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18