24.kg
11:43, 12 апреля 2018, 24.kg

Атасы аялы өлкөдөн алып чыгып кеткен эки баласын издөөдө

Кыргызстан жараны Ю.А. эки баласын издөөдө. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине анын атасы З.А. билдирди.

«Уулум менен келинимдин мамилеси начар. Жарым жыл мурун ал 2012-2014-жылы туулган неберелеримди Түркияга алып кетүү үчүн уулумдан уруксат сураган. Кудагыйым ошол жакта иштейт. Уулум макулдук берген эмес. Бирок марттын башында келиним кандайдыр бир жол менен неберелеримди өлкөдөн алып чыгып кеткенин уктук. Укук коргоо органдарына арыз менен кайрылдык бирок жыйынтык жок. Балдарды көрбөй калабызбы деп кооптонуп турабыз», — дейт З.А.

Сокулук райондук ИИБ жогорудагы жарандан арыз келип түшкөнүн тастыктады. 1986-жылы туулган А.Ю. аттуу жаран Сокулук райондук ИИБга арыз менен кайрылып, 1991-жылы туулган аялы А.С. атуу жаранга карата чара көрүүнү суранган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, арыздануучу аялы менен 2011-жылдан бери никеде тураары аныкталган.

Ленин райондук паспорт столу энеси жазган арыздын негизинде балдарга паспорт берилгенин маалымдаган. Ошондой эле жаран жолдошунун ID паспортун алып келген.

«Үй-бүлө кодексине ылайык, ата-эне балдары үчүн бирдей укукка жана милдеттерге ээ. Андыктан А.С. аттуу жарандын аракеттеринде кылмыштын белгилери аныкталган жок», -дейт Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү.

Ал эми аялынын чек араны кесип өткөнүн тактоо маселесине тиешелүү органдар жооп кайтара элек.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18