24.kg
10:17, 12 апреля 2018, 24.kg

Жээнбеков Алжирдин президенти Абдель Азиз Бутефликага көңүл айтты

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын президенти Абдель Азиз Бутефликага Блида провинциясында аскер учагынын кыйрашынын натыйжасында көп адам каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын Блида провинциясында аскер учагынын трагедиялуу кыйрашынан улам көп адам каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына чын ниеттен кайрат айтып, колдоо көрсөткөн сөздөрүмдү жеткирип коюуңузду өтүнөм», -деп белгиленет мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18