24.kg
09:44, 12 апреля 2018, 24.kg

ИИМ: Тогуз-Тороодо абал туруктуу

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман аймагында абал туруктуу. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, түн ичинде эч кандай мыйзамсыз иш аракеттер катталган эмес.

«Милиция кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Тартип сакчылары штаттык режимде иш алып барууда», — деп маалымдайт мекеменин басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, кечээ Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман аймагындагы «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын ишканасынын курулушуна каршы болгон жергиликтүү тургундар митингге чыгып, фабриканы өрттөп жиберишкен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18