24.kg
13:43, 11 апреля 2018, 24.kg

Баткенде кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыкты

Баткенде кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыкты. Бул тууралуу Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Кудайберди Козуев билдирди.

Анын айтымында, Суу-Башы айыл өкмөтүндөгү Боз-Адыр, Кара-Токой жана Ширеч айылдары «Ширеч» насостук станциясынан суу ичет. 10-апрелде насостук станциядагы сууну ачканы барган кызматкерди Сох анклавынын Шархабат айылынын тургундары сабап салган.

«Ал азыр Баткен облустук ооруканасында жатат. Насостук станция жайгашкан жер Кыргызстанга таандык, бирок ал Сох анклавынын ичинде», — деди ал.

Буга чейин да эки тараптын ортосунда сууга байланыштуу чыр-чатактар катталып келген.

Ушул тапта Сох анклавы тараптагы кыргыз-өзбек чек арасында милиция кызматкерлери, чек арачылар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чогулуп, кырдаалга көз салып турушат.

Бул маселеге байланыштуу Баткен районунун акими менен Өзбекстандын Сох районунун акими 11-апрелде жолугуп, сүйлөшөрү күтүлүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18