24.kg
13:54, 11 апреля 2018, 24.kg

Бишкекте унаасы менен 10 жашар баланы койдуруп кеткен айдоочу кыз кармалды

Бишкекте унаасы менен 10 жашар баланы койдуруп кеткен айдоочу кыз кармалды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Эскерте кетсек, 6- апрелде болжол менен саат 18.20 чамасында 7-кичи райондон айдоочу 10 жашар баланы койдуруп алып, окуя катталган жерден качып кеткен. Жарат алган бала ооруканага жаткырылган.

Иликтөө иштеринин жыйынтыгында кылмышка шектүү катары «Субару Аутбек» үлгүсүндөгү унаанын ээси, 19 жаштагы Н.К. аттуу кыз кармалган.

"Унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулду. Кыз ИИБнын тергөөчүлөрүнө сурак берүүдө",- деп маалымдайт мекеме.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18