24.kg
12:08, 11 апреля 2018, 24.kg

М. Бакиевге таандык делген коттедждери сатуу боюнча Болсунбек Казаков кармалды

ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков кармалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Болсунбек Казаков Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык делген коттеждердин сатылышына байланыштуу кылмышка шектелүүдө. Ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана лицензиялык уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу беренелеринин негизинде айыпталууда.

2017-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттедж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгону жана улутташтырылганы айтылган. Аукционду коомчулукка белгисиз «ВостокТехКомплект» компаниясы уткан. Көптөр мамлекетке тиешелүү мүлк төмөн баада сатылганын айтып, нааразы пикир билдирген. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду улутташтырылган объектилер тогуз жолу сатууга коюлганын, бирок алуучулардын жоктугунан алардын баасы «Кыргыз баалоочулар коомдук бирикмеси» тарабынан аныкталганын маалымдаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18