24.kg
10:46, 11 апреля 2018, 24.kg

Жогорку Кеңештин 105 депутаты башкы прокурордун отставкасын колдоду

Жогорку Кеңеш баш прокурор Индира Жолдубаеванын отставкасын колдоду. Аны кызматтан алуу боюнча сунушту мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кечээ парламентке жолдогон.

Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жарымынан көбүнүн макулдугу менен мамлекет башчы баш прокурорду кызматынан бошото алат. Тактап айтканда, Жолдубаеванын отставкасы үчүн 60тан ашык эл өкүлүнүн добушу керек. Ал эми парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында 105 депутат анын кызматтан кетүүсүн колдосо, эки гана депутат - Аалы Карашев менен Асел Кодуранова каршы добуш берген. 

Белгилей кетсек, Аалы Карашев менен Индира Жолдубаева тууган. 

Photo 66771

Индира Жолдубаева 1979-жылы 11-апрелде туулган. 2015-жылы 28-январда башкы прокурор болуп дайындалган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18