24.kg
10:03, 11 апреля 2018, 24.kg

Жогорку Кеңеш Индира Жолдубаеванын отставкасын талкуулоого киришти

Жогорку Кеңеш Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын отставкасын талкуулоого киришти.

106 депутат каттоодон өттү.

Белгилей кетсек, президент Индира Жолдубаеваны иштен алуу өтүнүчүн парламентке жөнөткөн. Кечээ парламенттин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети өлкө башчысынын сунушун колдоду.

Президенттин пикиринде, Индира Жолдубаева жөнөкөй жарандардын укугун коргоп, жемкорлукка каршы алгылыктуу иш жүргүзө алган жок.

Ага чейин парламенттин «Ата-Мекен» жана «Республика-Ата Журт» фракциялары башкы прокурордун жылдык отчетун кабыл алышкан эмес.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18