24.kg
09:54, 11 апреля 2018, 24.kg

Бишкек шаардык соту бүгүн мөңгүлөр боюнча мыйзамга каршы арызды карайт

Бишкек шаардык соту бүгүн «Суу кодексине» өзгөртүүгө каршы арызды карайт. Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартова билдирди.

Жарандык коомдун өкүлдөрү «Суу кодексине» өзгөртүү кабыл алынууда мыйзам бузулгандыктан, аны жокко чыгаруу талабы менен сотко кайрылышкан. Райондук сот жарандык активисттерди колдогон эмес.

Эскерте кетсек, 16-ноябрда Жогорку Кеңеш Суу кодексине өзгөртү киргизди. Ага мурдакы президент Алмазбек Атамбаев 23-ноябрда кол койду.

Бул мыйзам мөңгүлөр жайгашкан аймакта дагы кен казуу иштерин жүргүзүүгө жол берет. Өкмөттүн билдирүүсүндө, мыйзам «Күмтөр» ишканасы иштеген Давыдова жана Лысый мөңгүлөрүнө гана багытталган.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18