24.kg
09:03, 11 апреля 2018, 24.kg

Каракчылыкка шектүү жаран кармалды

Аламүдүн районунда каракчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

9-апрель күнү Бишкек шаарынын 42 жаштагы И.Г. аттуу жашоочусу Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, Лебединовка айылындагы үйүнө бейтааныш эркек киши кирип, колундагы бычагы менен арыз ээсин коркутуп, анын «Самсунг жана Айфон» үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун алып, окуя болгон жерден изин жашырып кетүүгө аракет кылганын билдирген.

Бирок, жабырлануучу туугандарынын жардамы менен шектүүнүн качып кетүүсүнө мүмкүндүк беришпей, милицияга телефон чалышкан. Кармалган жаран 27 жаштагы К.А. аттуу Ысык-Көл облусунун тургун экени аныкталган.

Окуя болгон жерден далил заттар алынып, чогултулган материалдардын негизинде Аламүдүн районунун тергөө кызматы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 168-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18