24.kg
16:50, 10 апреля 2018, 24.kg

Аба ырайы кескин өзгөрүп, үшүк жүрүүсү күтүлүүдө

Photo 66655

Эртең, 11-апрелде Кыргызстандын бардык аймактарында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт.

Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 7...12° жылуулуктан 10...15° жылуулукка чейин жылуу болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 10...15° жылуулуктан 14...19° жылуулукка чейин, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы төмөндөп 7...12°, тоолуу райондордо 5...10° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0...-5° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

11-12-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0...-2° үшүк жүрөт.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18