24.kg
08:31, 10 апреля 2018, 24.kg

Кыргыз-өзбек чек арасындагы окуя боюнча эки тарап жолугушат

Жалал-Абаддын Аксы районунун тургунун Өзбекстандын чек арачылары атып салган окуяны Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы өз алдынча иликтейт. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Бүгүн эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын жетекчилери жолугушуп, маселени талкуулашат. Бул тууралуу эки өлкөнүн өкмөт башчылары Сапар Исаков менен Абдулла Арипов 8-апрелде телефондон сүйлөшкөн соң белгилүү болду.

Аксы районунун Курулуш айылынын 34 жаштагы тургуну 7-апрелде өзбек чек арачылары аткан октон жарадар болуп, Кербен шаарындагы ооруканада көз жумган. Мамлекеттик чек ара кызматы маркум Кыргызстандын аймагында, чек арага жакын Мамай айылына баратканда окко учканын билдирген.

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматына караштуу Чек ара кошуундары мекемеси түшүндүрмө берип, Кыргызстандын жараны «чек ара тилкесин бузуп, Өзбекстандын аймагына киргени, жоокердин эскертүүсүнө, абага ок атылганына да маани бербегени, андан соң Кыргызстандын аймагына качып өткөнүн» айткан.

Расмий Бишкек окуяга байланыштуу Ташкентке нота жиберген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18