24.kg
08:29, 10 апреля 2018, 24.kg

Анжиянда 9-класстын окуучусу курдашын жүрөккө сайып өлтүрдү

7-апрелде Өзбекстандын Анжиян шаарында 9-класстын окуучусу бычак менен курдашын жүрөккө сайып өлтүргөн. Шаардык билим берүү бөлүмүнөн билдиришкендей, окуя болгон маалда мектептин бардык мугалимдери шаар бийлиги тарабынан жарыяланган ишембиликте жүрүшкөн.

Маалыматка караганда, Анжияндагы № 29 мектептин 9-классында окуган Мухаммадасрор Собиров № 10 мектептин аймагында бычак жеп, дароо ошол жерде каза болгон. Болжолдуу версия боюнча буга чейин эки баланын ортосунда чыр чыгып, ал күнү маселени өз ара чечишип алуу үчүн жолугушкан.

Окуучунун өлүмү боюнча «адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда. Кылмышка шектүү окуучу камакка алынды.

Буга чейин ал өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын каттоосунда тургандыгы айтылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18