24.kg
16:09, 06 апреля 2018, 24.kg

7-апрелге арналган иш-чараларга президент Роза Отунбаеваны чакырды

7-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдагы апрель окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чараларына катышат. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жээнбеков «Ата-Бейит» мемориалдык комплексиндеги мемориалдык дубалынын таманына гүл коет.

Иш-чарага өлкөнүн экс-президенттери Алмазбек Атамбаев жана Роза Отунбаева дагы чакырылган.

Андан тышкары 2010-жылы 7-апрелде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандары, Апрель окуяларынын катышуучулары, Жогорку Кенештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана коомчулук өкүлдөр катышат.

Ошол эле күнү президент 2002-жылы Аксы окуяларынын учурунда жана 2010-жылы Апрель окуяларында «Ала-Тоо» аянтында курман болгондордун элесине арналган Эл эркиндиги үчүн монументке гүл коёт.

Белгилей кетсек, Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевдин алакасы 2016-жылы референдум алдында солгундаган. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Конституцияга өзгөртүүгө каршы чыгышкан. Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековдун инагурациясына дагы чакырылган эмес. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18