24.kg
11:05, 06 апреля 2018, 24.kg

АКШ жараны Ташкентте унаасы менен бир аялды өлтүрө сүзүп кетти

Ташкентте 1993-жылы төрөлгөн америкалык ишкерге таандык унаанын алдында калып бир аял каза болду. Бул тууралуу Шаардык жол коопсуздук башкармалыгынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, 4-апрелде Ташкенттин Амир Темир көчөсүнүн жөө адамдар өтчү тилкесинде бара жаткан 33 жаштагы аялды унаа сүзүп кеткен. Сары түстөгү номур тагылган машинени Техас штатында жашаган АКШ жараны башкарып бара жаткан.

Баш сөөгү сынган аял дароо шаардык клиникалык ооруканага жеткирилген. Бирок алган жараатынан улам 5-апрелде жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18