24.kg
08:45, 06 апреля 2018, 24.kg

Таластын имамдары жашылдандыруу иштерин жүргүзүүдө

Талас облусундагы Манас районунун жалпы имамдары айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү боюнча иштерди кызуу жүргүзүшүп, Покровка, Үч-Коргон, Май айыл өкмөттөрү менен биргеликте бала-бакчаларга жана жол жээктерине туя, терек жана башка бак дарактардын көчөттөрүн отургузушту.

Покровка айыл аймагына 100 түп, Үч-Коргон айыл аймагында 100 түп, Май айылындагы жаңы салынган мектептин айланасына 500 түп бак дарак отургузулду. Ал эми Кыргызстан айыл өкмөтүндө 500 түп терек жана 200 түп кара өрүк отургузушкан. Бул иш чараны Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев жана жалпы имамдар, мечиттердин жергиликтүү жамааттарынын колдоосу менен ишке ашырылды.

«Быйылкы жылдагы иш планыбызга 20 имң түп көчөт отургузууну киргизгенбиз. Жараткандын колдоосу менен учурда райондордо жашылдандыруу жана тазалоо иштери кызуу жүргүзүлүп жаткан мезгили. Учурдан пайдаланып мамлекетибизди жашылдандырууга кошуп жаткан салымы үчүн бардык мекендештериме ыраазычылыгымды билдирем», -деди облус казысы Таалайбек ажы Бапиев.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18