24.kg
17:07, 05 апреля 2018, 24.kg

Түркмөнстанда аялдарга суу кийимдерин кийүүгө тыюу салынды

Түркмөнстанда аялдардын сууга кийүүчү кийимдерин жана чолок шымдарын өлкөгө алып кирип сатууга тыюу салынды.

Учурда жеке дүкөндөрдө тыюу салынганга чейин алынып келген товарлар сатылууда.

«Бажы кызматкерлери суу кийимдерин жана чолок шымдарды алып өтүүгө уруксат бербей жатышат. Күн жылыгандан бери бул товарларга суроо-талап өсүүдө. Бирок бажычылар буга эмне себептен тыюу салынып жатканын түшүндүрүшкөн жок», — деди «Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысы.

Анын айтымында, акыркы жылдарда жай мезгилинде эркектер менен катар аялдар арасында дагы чолок шымдар өлкөдө кеңири колдонула баштаган.

Буга чейин «Түркмөнстан хроникасы» Ашхабадда мекеме-ишканалардын кызматкерлерине тырмак, кирпик өстүрүүгө, чачтарын боёого жана алтын жасалгаларды тагынууга тыюу салынганын кабарлаган. Басылма Түркмөнстадын бажы кызматы ачык боёкторду жана өң кетирүүчү каражаттарды алып кирүүгө бөгөт койгонун жазган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18