24.kg
15:02, 05 апреля 2018, 24.kg

5 жашар бала жоголуп, 1 сутка тоодо жалгыз калган

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда дайынсыз жоголгон 5 жашар бала табылды. Бул тууралуу милиция кызматкерлери билдирди.

Эрлан 3- апрелде саат 17:00 чамасында жоголуп, 4- апрель күнү саат 18:00 чамасында тоо арасынан табылган.

Маалыматка ылайык, бала кечке жуук эшиктин алдында ойноп жатып жок болуп кеткен. Алгач аны байкеси издеп таппай койгон, андан соң кошуналары кошулган. Жыйынтык болбогон соң эртеси эртең менен укук корго органдарына кайрылышкан. Бардыгы болуп Эрланды 300 киши издеп чыккан. Аны жергиликтүү тургундардын бири шок абалында тапкан. Бала катуу үшүп калган. Дарыгерлердин айтымында, учурда Эрландын абалы туруктуу. Ал Ак-Сууда тай энеси менен жашачу.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18