24.kg
14:13, 05 апреля 2018, 24.kg

Ыкчам кызматта каза болгон аскерлердин үй-бүлөсүнө компенсация төлөнүшү мүмкүн

Парламентте «Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теӊештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

Аталган мыйзам долбоору боюнча Коргоо иштер боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Нурсеит Кедеев баяндама жасады.

Бул мыйзам долбоору мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына социалдык нормаларды белгилөөгө, алардын өмүрү үчүн мамлекеттин жоопкерчилигин күчөтүүгө байланышкан коомдук мамилелерди ишке ашырууга, ошондой эле колдонуудагы мыйзамда пайдаланылган түшүнүктөрдү тактоого багытталган.

Мыйзам долбоорунда ыкчам кызматта каза болгон аскер адамдарынын үй-бүлөлөрүн социалдык жактан коргоону жана алардын өмүрү үчүн аракеттеги мыйзамдарга ылайык, камсыздандыруучу сумманы төлөө боюнча бирдиктүү саясат менен камсыздоодо мамлекеттин жоопкерчилигин күчөтүү каралган.

Талкууда камсыздандыруу төлөмү кайсы убактан баштап төлөнөрү такталды. Камсыздандыруу төлөмү мамлекет тарабынан төлөнөрү белгилүү болду. Мыйзам долбоору аркылуу аскер кызматын өтүп жатканда өз жанын кыйган учурларда дагы камсыздандыруу төлөмү каралган. Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18