24.kg
12:17, 05 апреля 2018, 24.kg

Жапония менен саламаттыкты сактоо жаатындагы кызматташтык маселеси талкууланды

Премьер-министр Сапар Исаков Жапониянын «Токуда» коомдук фондунун директорлор кеңешинин төрагасы Мари Токуданы кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар саламаттыкты сактоо жаатындагы биргелешкен кызматташтыктын келечегин талкуулашты.

Өкмөт башчы «Токуда» фондуна Нарын облустук ооруканага гемодиализ аппаратын тартуулагандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Анын айтымында бул өлкөнүн жарандары үчүн абдан маанилүү жардам.

Премьер-министр өкмөт тарабынан мындан ары дагы бөйрөк дарттарын алдын — алуу боюнча жана жарандарды сапаттуу медициналык кызматтар менен камсыз кылууга өзгөчө маани берилерин баса белгиледи.

«Токуда» коомдук фондунун директорлор кеңешинин төрагасы Мари Токуда жолугушуу үчүн өкмөт башчыга ыраазычылыгын билдирип жана анда белгиленген маселелер боюнча кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө даяр экендигин тастыктады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18