24.kg
12:03, 05 апреля 2018, 24.kg

Өзбекстан жараны Оштон жасалма паспорт сатып алган

«Ак-Жол» чек ара пунктунан Кыргызстандан алган жасалма паспорту менен Казакстанга кетүүгө аракет кылган Өзбекстан жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чек арачылар документтин жасалма экенин байкап калган. Иликтөөгө алганда киши Өзбекстан жараны экенин мойнуна алган. Ал документти оштон жасаткан. Ага Россияга кирүүгө тыюу салынгандыктан жасалма документ колдонууга аргасыз болгондугун айтат. Тиешелүү документтер толтурулган соң ал УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18