24.kg
08:49, 05 апреля 2018, 24.kg

Ошто өздөрү курду жигитти ур-токмокко алган эки жаран кармалды

Оштун түнкү клубдарынын биринен өздөрү курду жигитти ур-токмокко алган эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 22- мартта, болжол менен саат 02:00 чамасында катталган. Шаардык ооруканага 1995-жылы туулган жигит жаткырылган. Соттук-медициналык экспертиза жигит олуттуу жарат алганын аныктаган. Анын колу сынып кеткен.

Кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 1995-жылы туулган жараны кармалган. 3-апрель күнү Жалал-Абад шаарынан кылмышка шектүү делген дагы бир жигит колго түшкөн.

Аларга карата Кылмыш жана жаза кодексинин 104-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18