24.kg
17:39, 04 апреля 2018, 24.kg

Аялдардын диний сабаттуулугун жогорулатуу үчүн окуу курсу уюштурулат

Кара-Кулжада аялдардын диний сабаттуулугун жогорулатуу үчүн окуу курсу уюштурулат. Бул тууралуу Ош облустук казыятынын Кара-Кулжа районундагы мониторинг өткөрүү иш-чарасында белгилүү болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кара-Кулжа районунун башкы имам-хатиби Дастан ажы Мамаев райондун аймагындагы диний илим талап кылган аялдар үчүн хатибияттын алдында аялдардын диний сабаттуулугун жогорулатуу максатында кыска курстарды ачуу пландары менен тааныштырды.

Ал эми казыят тарабынан окуу курсу үчүн түзүлүп жаткан шарттар жана окуу залдарындагы даярдыктар жана сабак берүүчү мугалимдердин билим деңгээлдери текшерилди. Мындай иш-аракеттер менен таанышкан казынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, аялдардын диний сабаттуулугун жоюуга ыңгайлуу шарт түзүлүп жаткандыгы чоң жетишкендик экендигин билдирип, окуу программалары такай казыяттын окуу бөлүмүнүн көзөмөлүндө болуусун милдеттендирди.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18