24.kg
12:13, 04 апреля 2018, 24.kg

«Кыргыз темир жолундагы» жемкорлук. Алмазбек Ногойбаев финполду кууп чыгыптыр

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башчысы Алмазбек Ногойбаев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрүн иш бөлмөсүнө киргизбей койгон. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымында, ишканадагы жемкордук тууралуу маселе байма-бай айтылып келгени менен эч кандай текшерүү иштери жүргүзүлбөйт.

«Кечээ Алмазбек Ногойбаев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын тергөөчүлөрүн иш бөлмөсүнө киргизбей коюптур», — деди ал.

Депутат алар кайсыл кылмыш ишинин негизинде текшерүү иштерин жүргүзүү үчүн келгенин айткан жок.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18